Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

Шашылыш билдирүү: Үшүк жүрөт


20-21-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3 градус суук болуп, үшүк жүрөт. Үшүк жыйналбаган мөмө-жемиштерге, жашылчаларга жана казылып алына элек картошкага коркунуч алып келет.

Аба ырайы:

20-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын болот, күндүз жаан жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактардын автожолдору тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1… 6, күндүзү 10... 15 градус жылуу болот. Айрым жерлерде түнкүсүн -1...-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт.

Таласта түнкүсүн 0..5, күндүзү 8..13 градус жылыйт. Айрым жерлерде түнкүсүн -1...-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт.

Баткен облусунда түнкүсүн 1..6, күндүзү 10..15 градуска жогорулайт. Айрым жерлерде түнкүсүн -1...-3 градуска түшүп, үшүк жүрөт.

Ош, Жалал-Абат облустарында түнкүсүн 2..7, күндүзү 12..17 градус жылыйт.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1..6, күндүзү 8..13 градус жылуу болот. Айрым жерлерде түнкүсүн -1...-3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт.

Тоолуу Нарында түнкүсүн -3...2, күндүзү 10...15 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11 градуска түшөт, күндүзү 0..5 градус жылыйт.

20-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 м/с. Түнкүсүн абанын температурасы 0…-2°, үшүк жүрөт, күндүзү 11…13° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG