Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:49

НАТО эң ири аскерий машыгуусун баштоодо


НАТОнун эң ири машыгуусунун ачылыш аземи. Трапани, 19-октябрь, 2015-жыл.
НАТОнун эң ири машыгуусунун ачылыш аземи. Трапани, 19-октябрь, 2015-жыл.

Бүгүн Сицилиядагы Трапани базасында ачылыш аземи өткөн машыгуу 2002-жылдан беркилердин эң ириси катары мүнөздөлүүдө. Анда Түндүк атлантикалык альянстын аскерий кубаты суудан, кургактан жана абадан текшерилет.

Альянстын баш катчысынын орун басары Александр Вербшоу машыгуунун ачылышында сүйлөп, НАТО “кадимки аскерий кагылыштан тартып, гибриддик согуш менен пропаганданын чебер ыкмаларына чейин жасай аларын көргөзөт”,- деп белгиледи.

Вербшоу ошондой эле дүйнөдөгү геоcаясий кырдаал азыр кансыз согуш доорунда мындай масштабдагы ири машыгуу өткөрүлгөн кездегиден кыйла туруксуз болуп турганын кошумчалады.

21-октябрдан тарта ноябрдын башына чейин Италия, Испания, Португалия жана анын айланасындагы сууларда өтүүчү машыгууга 30 өлкөдөн 36 миңдей аскер катышмакчы, ага катар 130 учак, 240 брондуу техника, 60тан ашуун кеме жана суу астында жүрүүчү кеме тартылат. Машыгууда чоң өлкө альянстын кичинекей мүчөсүнө кол салган учурга камдуу туруу даярдыгы сыналмакчы.

Вербшоу жасалма агрессор Орусия деген маалыматтарды четке какты.

Машыгууга НАТОго мүчө эмес Украина жана Африка өлкөлөрүнүн Африка союзу биримдиги да катышат. Орусия байкоочу иретинде чакырылган. (UE)

XS
SM
MD
LG