Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Иракта аялдардын укугун коргогон журналисттин сөөгү табылды


Ирактагы журналистика жана аялдардын укугун коргогон уюм жетекчисинин сөөгү Стамбул аба майданында табылганы 19-октябрда кабарланды. Белгисиз жагдайда каза тапкан Жаклин Саттондун кесиптештери окуяны тезинен иликтөөгө чакырышты.

Жаклин Саттон британиянын “Тынчтык жана согушту чагылдыруу институтунун” Ирактагы өкүлчүлүгүн жетектеп турган. Ал Лондондон Түркия аркылуу Иракты көздөй бараткан. Түрк маалымат каражаттары Жаклин Саттон Стамбул аба майданынын туалетинде асынып алганы тууралуу маалымдаган.

Саттондун кесиптештери мындай маалыматка ишенбесин билдирип, аны киши колдуу болду деп шектенишүүдө. Саттонго чейин “Тынчтык жана согушту чагылдыруу институтунун” Ирактагы жетекчиси Аммар аль-Шахбандер беш ай мурун жардыруудан каза тапкан эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG