Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:08

Кыргызстанга кезектеги конституциялык реформанын кереги жок


Мындай пикирин Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланган Иса Өмүркулов билдирди. Конституциялык реформа өткөрүп, республиканы таза парламенттик башкаруу системасына өткөрүүгө аракет кыларын 19-октябрда “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов билдирген. Кулов бул максатка жетүү үчүн парламентке кайрыларын, эгер парламент кабыл албаса 300 миң жарандын колун топторун белгилеген.

Иса Өмүркулов таза парламенттик системага өтүүнү опурталдуу деп эсептейт:

-Таза парламенттик боло турган болсо кайрадан коррупция, добуш сатып алуу жолу менен кайра эле парламентке келүү аракети болот. Кайрадан күчөйт. Ошон үчүн бүгүнкү күндө бизде үч бутак болуп, тең салмак кармап турганга ылайыктуу деп ойлоймун.

Иса Өмүркулов конституциялык реформа эмес, экономикалык өсүшкө көңүл бурулуш керек дейт. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG