Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:30

“Эгемен Кыргызстан” партиясынын лидери Жогорку Сотко кайрылат


Бул тууралуу партия лидери Бектур Асанов дүйшөмбү күнү билдирди. Белгилүү болгондой, Бектур Асанов президент Алмазбек Атамбаев бир нече жылдан бери КСДП партиясын колдоп, Конституциянын талаптарын бузууда деп, Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылган.

Сот Асановдун арызын кабыл алуудан баш тарткан. Эми “Эгемен Кыргызстандын” лидери Жогорку Сотко даттанууну көздөөдө. Кыргызстандагы жарандык активисттер да президент Алмазбек Атамбаев шайлоо өнөктүгүндө бир партиянын кызыкчылыгын коргоодо деп сындашкан.

Кыргызстан Конституциясына ылайык президент эч кайсы партияда боло албайт жана эч бир партиянын кызыкчылыгын коргобош керек. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG