Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Араванда бузулган көпүрөнү кенчилердин оңдоп беришин талап кылышууда


Бул тууралуу райондун акими Курбанбек Айтибаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Араван районунун Кичи-Алай айылындагы көпүрөнү ушул эле кыштактан көмүр ташыган оор жүк ташуучу унаалар бузуп салышкан. Аким белгилегендей, көпүрө 10 тонна жүктү көтөрүүгө ылайыкталып салынган. Ал жерде көмүр казган ишкерлер 40 тонна жүк ташуучу унаалар менен көмүр ташып өтүшчү.

Ушундан улам жергиликтүүлөр көпүрөнү оңдоп берүүнү көмүр казган кенчилерден талап кылууда.

Ал эми кенчилер азырынча бул боюнча комментарий берише элек.

Аравандын Кичи-Алай айылынын жогору жагында Беш-Алма көмүр кени иштейт. Айрым маалыматтарга карагандай, бул жерден Ошто эң бай киши катары таанымал, ресторан-кафе, көп кабаттуу үйлөрдүн жана ишканалардын ээси, Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын башчысы Жалил Атамбаев көмүр казуу менен ишкерлик кылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG