Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

ШИИБ: Окуучулар мушташына 50 чакты бала катышкан


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Айгүл Давлетбаеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, 38-мектептеги мушташты Олимпиадалык резерв мектебинин балдары баштаганы анык болду. Мектепке коюлган видеокамерада чагылдырылган маалыматка караганда, балдардын саны 50 чамалуу болгон. Алар колдорунда таш, таяк, союл кармап алышкан.

Давлетбаеванын айтуусунда, эрте мененки саат сегизде Олимпиадалык резерв мектебинин окуучулары окуу тартиби боюнча катарга тизилүүгө тийиш болгон, бирок мугалимдин кечиккендигин пайдаланган балдар коңшу мектепке чуркап кетишкен.

Маалыматка ылайык, алар окуучуларга ата-эне, мугалимдердин көзүнчө кол салып, тепкилешкен. Жабыркаган алты баланын абалы туруктуу, алар ооруканага кайрылышкан жок.

Айрым маалыматтарга караганда, Олимпиадалык резерв мектебинин жетекчиси Муратбек Кыбраев кызматынан кеткен. Ага 16-сентябрдагы чуулгандуу окуяда сөгүш берилген.

Аталган эки мектептин окуучулары быйыл 16-сентябрда да мушташып, үчөө бычакталган. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон.(AiA;ZKo)

XS
SM
MD
LG