Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Кара-Кулжада бал фестивалы өтүүдө


Фестивалга Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облусунун балчылары катышууда. Булардан тышкары фестивалга бал менен алектенген 11 ири ишкер да катышып жатат.

Иш-чара райондук акимчилик тарабынан ПРООНдун көмөгү менен уюштурулууда.

Иш-чарага Кытай менен Орусиянын Оштогу консулдары чакырылган. Уюштуруучулар алар балчылыкты өнүктүрүүгө инвестиция кылууга кызыкдар болушу мүмкүн деп үмүттө.

Кара-Кулжа районунда 400 тоннага жакын бал өндүрүлөт.

Кыргызстанда өндүрүлгөн бал жакында Жапонияда өткөн эл аралык сынакта 1-орунду алган.(YI)

XS
SM
MD
LG