Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:23

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, оперативдүү маалыматтар боюнча Азамат Мүсүралиев кармоо учурунда каршылык кылганы үчүн жок кылынды.

Маалыматка ылайык, Азамат Мүсүралиев Сокулук районундагы ээн сарайдын биринде жашырынып жүргөн.

Мүсүралиев Азамат, 1987-жылы туулган. Жалал-Абад облусунун, Кара-Көл шаарынын тургуну. Уурулук кылганы үчүн камакка алынган.

Тыюу салынган «Жайшүл Махди» диний уюмунун мүчөсү экени маалымдалган.

12-октябрга караган түнү Чүй облусунда жайгашкан №50 абактан тогуз кылмышкер качып, анын бешөө дароо кармалган. Бирөө 16-октябрда кармоо учурунда милицияга кол салганы үчүн өлтүрүлгөн.

Абактан киши өлтүрүп качкандардын дагы экөө - Эдил Абдырахманов менен Алтынбек Итибаев азырынча кармала элек.(EBM;ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG