Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

38-мектептеги мушташ боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу милициядан кабарлашты. Кылмыш иши “Ээнбаштык” беренеси боюнча козголду. Ушул тапта Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында Олимпиадалык резерв мектебинин 50 чакты тарбиялануучусу сурак берүүдө. Алар алкоголдук ичимдик ичпегенин жана маңзат колдонбогонун аныктоочу атайын текшерүүдөн өтүп атышат.

20-октябрь күнү эрте менен Бишкектеги №38 орто мектепке коңшулаш жайгашкан Олимпиадалык резерв мектебинин 50 чакты тарбиялануучулары таш, таяк, союл менен кирип келип, окуучуларды сабап салышкан.

Аталган эки мектептин окуучулары быйыл 16-сентябрда да мушташып, үчөө бычакталган. Окуя боюнча анда да кылмыш иши козголгон.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG