Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Баткенде зомбулукка кабылган балдар үчүн жаңы борбор ачылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Стимул” коомдук фондунан кабарлашты. Лейлек районунун Коргон айылында жайгашкан борбор 20 баланы кабыл алууга ылайыкташтырылган. Борбордо зордук-зомбулукка кабылган, запкы жеген балдарга психологиялык жана юридикалык жардамдар көрсөтүлөт.

Аталган жай негизинен ата-энеси миграцияда жүрүп, тууган-уруктарынын колунда чоңоюп аткан балдар менен иш алып бармакчы.

Зомбулукка кабылган балдар үчүн ачылган Баткен облусундгы биринчи борбор райондук социалдык өнүгүү жана билим берүү башкармалыктары, жергиликтүү бийлик жана күч кызматтары менен биргелешип иш алып барат. Борбор социалдык өнүгүү министрлигинин социалдык буйрутмасы менен ачылган.

Борбордун кызматкерлеринин айтуусунда, Лейлек районунда учурда 38 бала кыйналган турмушта күн кечирүүдө, 8 бала туугандары тарабынан зомбулукка тушуккан. Алардын баары мигранттардын үй-бүлөсүнөн экендиги аныкталды. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG