Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Абактан качкандардын бири СИЗОдо каза тапты


Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынан маалымдашкандай, 12-октябрда №50 абактан качып чыгып, бирок кармалып калган Таалайбек Жуманов жүрөгү кармап өлгөн.

Ал кармалгандан кийин №1 тергөө абагында кармалып жаткан. Учурда аталган абакта тергөө тобу иштеп, кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.

Таалайбек Жуманов, 1970-жылы туулган, Ала-Бука районунун тургуну. 2012-жылы Аламүдүн райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

12-октябрга караган түнү №50 абактан тогуз киши качып чыгып, алардын ичинен бешөө кайра кармалган. Качып кеткен төртөөнүн экөө: Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиевди кармоо учурунда каршылык кылганы үчүн жок кылынган. Калган экөө - Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов издөөдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG