Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Дүйшөн Чотонов “Сеулдун ардактуу атуулу” наамына татыды


Сеул шаары менен мамиленин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Дүйшөн Чотоновго “Сеулдун ардактуу атуулу” наамын берүү чечимин Сеул мэриясынын атайын комиссиясы кабыл алды. Бул тууралуу Түштүк Кореядагы Кыргызстан элчилигинен “Азаттыкка” маалымдашты.

Ардактуу наамды ээлерине тапшыруу аземи 28-октябрда өтөт. Анда чет мамлекеттик 10 жаранга сыйлык тапшырылат.

"Сеул шаары менен мамиле-катнаштын өнүгүүсүнө салым кошкону үчүн" 10 чет элдик жаранга “Ардактуу атуул” наамын берүү жөрөлгөсү 1958-жылы башталган. Буга чейин 694 чет өлкөлүк жаран бул наамга ээ болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG