Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Ош шаарында мектеп салууга жер жок


Бул тууралуу калаа башчы Айтмамат Кадырбаев шаар тургундары менен жолугушуу учурунда айтты. Анын ырасташынча, шаар ичинде мектеп жана бала бакча курууга керектүү жер аянттарын жеке менчик ээлеринен сатып алууга туура келген учурлар кездешүүдө.

Учурда Ош шаарына жаңы кошулган Дача айылына мектеп куруу үчүн Улуттук илимдер академиясына таандык имараттын багытын өзгөртүү аракети болуп жатат.

Ош шаарында акыркы бир жарым жыл ичинде эки жаңы бала бакча пайдаланууга берилип, дагы төртөөнүн курулушу жүрүүдө.

Ош шаарында мамлекеттик 53 мектеп жана 31 бала бакча бар. Бул шаардагы балдардын 30%га жетпегени гана бакчага бара алат дегенди билдирет. Ал эми шаар мектептеринде 20 миң окуучу ашыкча окутулуп жатканы айтылып келет. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG