Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Австриянын сулуусу кырсыктан набыт болду


26 жаштагы Австриядагы сулуулар конкурсунун мурдагы жеңүүчүсү Ина Кадик өзү төрөлгөн Тироль аймагында тоодон жыгылып каза тапты, деп Австрия полициясы кабарлады.

Эки окуучу Бергисел тоолорунда сейилдеп жүрүп Драшенфелсен чокусуна жакын жерден катуу жараланган аялды табышкан.

Чокудан кулап түшөрү менен Кадик агасына телефон чалып, бирок бир аздан кийин эс-учун жоготкон. Аны тик учак менен Инсбурктагы ооруканага алып барышып, ооруканада көз жумган.

Кырсыктын так себеби аныктала элек. 2013-жылы Австрия сулуусу титулун алган Ина Кадик эртең менен бул аймакта ар дайым чуркап, жерди жакшы билчү деп жазат AFP.

Австриянын Альпы тоолорунда ушул жылдын май айынан сентябрына чейин эле 115 адам каза болуп, 2 385 киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG