Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Жалал-Абад: укук коргоочуларга кайрылган жарандардын саны өстү


Облус аймагында жайгашкан "Акыйкаттык" коомдук укук коргоо уюмуна быйылкы жыл ичинде жарандардан 616 кайрылуу келип түшкөн. Алардын 280и аялдар. Бул тууралуу аталган уюмдан "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн 2014-жылдын октябрында 550дөн ашуун кайрылуу түшкөн. Уюмга негизинен турак жай маселесине жана социалдык камсыздандырууларга байланыштуу кайрылуулар көп келген. Ошол эле учурда укук коргоо уюмунун жактоочулары көмөк иретинде 120дан ашык сот иштерине катышкан.

1994-жылы негизделген "Акыйкаттык" уюму укугу бузулган жарандарга юридикалык кенеш берип, укуктук көмөк көрсөтүшөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG