Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Шашылыш билдирүү: Өрөөндөргө кар жаайт


Аба ырайын маалымдоо борборунун билдиргенине караганда, 22-24- октябрда катуу суук түшүп, жаан-чачын күчөйт. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланат.

Тоолорго кар түшөт, айрым жерлерде нөшөрлөгөн жаан жаайт. Тоолуу аймактардагы автожолдор тоңуп, тайгак болот. Кээ бир аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.

Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт:

22-23-октябрда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында -1°...+4°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 3…8° жылуу, тоо этектеринде -2°…+3° жылуу болот.

23-24-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -3°…+2°, тоолуу райондордо 0…-5°, бийик тоолуу райондордо -3…-8° суук болот.

Мындай өзгөрмө аба ырайы айыл чарба жумуштарына кыйынчылык жаратат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону оорлотот.

Аба ырайы:

21-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүзү 16...21 градус ысык болот.

Таласта түнкүсүн -2...3, күндүзү 13...18 градус жылыйт.

Баткен облусунда түнкүсүн 1...6, күндүзү 14...19 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2...7, күндүзү 16...21 градус ысыйт.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...2, күндүзү 12...17 градус жылыйт.

Нарында түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүзү 10..15 градус жылуу болот.

21-октябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Түнкүсүн абанын температурасы 2…4°, күндүз 18…20° жылуу болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG