Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Талибдер 18 полицияны туткунга алышты


Ооганстандын түндүк-батышындагы Фаряб провинциясында 18 полиция кызматкерин талиб согушкерлери туткунга алганы маалым болду.

Дарябдын полиция кызматынын жетекчиси Саид Аканын айтуусунда, бүгүн 20-октябрда Гормач районундагы эки күндүк салгылашуудан кийин талибдер райондук полиция бөлүмүнүн башчысын кошуп 18 офицерди кармап кетишкен.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Сыдык Сыдыки аталган райондун полиция башчысы менен 17 кызматкер 19-октябрдан бери дайынсыз экенин ырастап, салгылаш болгон аймакка кошумча күчтөр жиберилгенин, кырдаалды түндүк-батыш провинцияларынын вице-президенти Абдул Рашид Достум өз көзөмөлүнө аларын маалымдады.

XS
SM
MD
LG