Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 13:30

Жалал-Абад облустук телеканалынын үстүнөн сот башталды


Диний экстремисттик багыттагы видеону эфирге чыгарган деп айыпталган Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын (ЖТР) айланасындагы кырдаал боюнча сот жараяны 20-октябрда башталды. Иш Жалал-Абад шаардык сотунда каралууда. Бирок ага журналисттер киргизилген жок. Алгачкы соттук отурумга ЖТРдин директору Куттумидин Базаркулов баш болгон телеканал кызматкерлери чакырылды.

2014-жылдын 18-октябрында телеканал “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмуна тиешелүү экени айтылган 25 мүнөттүк тасманы көрсөткөн. Мындан улам Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын облустук башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, тергөөнү облустук ички иштер башкармалыгы жүргүзгөн.

Кийинки соттук кароо 22-октябрга белгиленди.

“Хизб-ут-Тахрир” уюму Кыргызстанда экстремисттик деп саналат жана ишмердигине тыюу салынган. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG