Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Орусия менен АКШ Сирияда учуулардын коопсуздугу боюнча меморандумга кол коюшту


Бул документ Сириянын асманында учкан АКШ жана Орусиянын учактарынын жана учкучсуз учактардын ортосунда чатактарга жол бербөө максатын көздөйт. Пентагондун өкүлү Питер Кук 20-октябрда кол коюлган меморандумда биргелешип сокку уруу, маалымат алмашуу жөнүндө сөз жок экенин белгиледи. Анда болгону учкучтардын өзүн кандай алып жүрүшү боюнча нускамалар бар.

Орусиянын Коргоо министрлиги меморандум Орусиянын позициясын өзгөртпөй турганын, Орусия Сириянын мыйзамдуу өкмөтүнүн өтүнүчү менен аскердик операция жүргүзүп жатканын, ал эми АКШ ал өкмөттүн макулдугусуз же Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин чечими жок эле жүргүзүп жатканын белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG