Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

Орусияда террордук багыттагы 20 кылмыш четтетилди


Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин 20-октябрда билдирди. Кремлде сүйлөгөн сөзүндө орус президенти татаалдашкан эл аралык кырдаалда антитеррордук чараларды мамлекет ичинде да күчөтүш керектигин билдирди:

-Жөнөкөй эмес эл аралык кырдаал мамлекет ичинде антитеррордук ишти күчөтүүнү талап кылат. Бул багытта өзгөчө жоопкерчилик Федералдык коопсуздук кызматына жүктөлөт. Жыл башынан бери бул кызматтын өкүлдөрү террордук багыттагы 20 кылмышты четтетти. Операциялардын жүрүшүндө 112 бандит, анын ичинде 26 жетекчиси жок кылынды. Бандиттик топтордун 560тан ашык мүчөсү кармалды. Мындан ары да ушундай натыйжалуу иштеп, Орусиядагы жоочулар менен эл аралык террордук топтордун байланышын аныктоо өзгөчө маанилүү.

Владимир Путиндин сүйлөгөн сөзүнөн көп өтпөй,тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” уюмунун 20 мүчөсү Москва облусунун аймагынан кармалганын полиция маалымдады. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG