Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:34

Азербайжанда коопсуздук министрлигинин жети кызматкери камакка алынды


Камоолор Азербайжандын Улуттук коопсуздук министри кызматынан бошотулгандан бир нече күндөн кийин болду.

Башкы прокуратура 20-октябрдагы маалыматында күч структураларынын өкүлдөрү “чарба жүргүзгөн субъектердин ишине мыйзамсыз кийлигишкени үчүн” кармалганын билдирди.

Азербайжанда коопсуздук министри Элдар Махмудовдун кызматтан алынышын жана кызматкерлердин камалашын президент Илхам Алиевдин оппозициялык топторду, көз карандысыз маалымат каражаттарын, жалпы эле мунайга бай өлкөнүн саясий турмушун көзөмөлдөөнү күчөтүү максаты катары баалагандар бар. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG