Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

Орусиялык “Веб пионер” интернет компаниясы Иранда чектөөгө алынды


Иранда мобилдик байланыш аркылуу маалымат жиберүү программасын иштеп чыгып, популярдуу болуп жаткан Орусиялык компания чектөөгө алынды. Мындай чара компания тарабынан программага “Иран жарандарына тыңчылык кылуу” мүмкүнчүлүгүн киргизүүдөн баш тарткандан кийин кабыл алынды.

Орусияда кеңири таанымал Вконтакте социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Павел Дуровдун 20-октябрда Твиттерге жазуусуна караганда, “телеграмма” деп аталган кызматка Иран бийлиги “цензура жана тыңчылык кылуу” мүмкүнчүлүгүн киргизип берүүнү талап кылган. Павел Дуров аны аткаруудан баш тарткан.

Иран бийлиги “чектөө киргизилди” деген маалыматты четке кагууда. Бирок буга чейинки эскертүүлөрдө Ирандын “маданият жана каада-салтын сыйлабаган” жана “мазмунунда моралга сыйбаган нерселер бар” интернет гиганттардын иштешине Иранда жол берилбеси айтылган. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG