Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Талапкерликтен четтетилген Аида Исмаилова Жогорку Сотко кайрылды


Бул тууралуу Исмаилова шейшемби күнү “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, аны менен кошо төрт талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарууну талап кылууда.

БШК Аида Исмаилова жана калган талапкерлердин шайлоо өнөктүгү башталганга чейинки арызынын негизинде “Республика Ата Журттун” тизмесинен чыгарып, мандат алуу укугунан ажыраткан.

Исмаилова 4-октябрдагы шайлоодо 28 мандатка ээ болгон “Республика Ата Журттун” тизмесинде 20-болуп шайлоого барган. Партия лидерлери Исмаилова бөлүнгөн округдан жетиштүү добуш алалган эмес, деген жүйөө менен мурунку арызынын негизинде тизмеден чыгарууну БШКга сунуштаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG