Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

Бишкектеги спорт мектептин директору кызматтан четтетилди


Борбордогу №38 орто мектептин окуучулары менен болгон мушташка байланыштуу Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв мектебинин директору Муратбек Кыбраев териштирүү бүткөнгө чейин кызматынан четтетилди. Бул тууралуу өкмөт алдындагы Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Олимпиадалык резерв мектебинин элүүнүн тегерегиндеги балдары 20-октябрда эрте менен №38 орто мектепке барып, окуучуларды сабап, мектептин айнек-терезелерин талкалап кетишкен.

Окуяны териштирүү үчүн вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева башында турган комиссия түзүлдү. Олимпиадалык резервде окуу 9-ноябрга чейин токтотулду. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG