Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

Ош облустук казыяты жаңы кеңсе куруп баштады


Бул тууралуу казыяттын кызматкерлери кабарлашты. Ош шаарынан чыга бериштеги "Имам Ат Термизи" мечитинин короосуна курулуп баштаган комплекстүү имараттын капсуласы бүгүн салынды. Бул аянт Кара-Суу районунун Фуркат айылына карайт.

Ош облустук казыяттын жаңы кеңсеси намазкана, жыйын зал, мейманкана жана китепканасы менен кошо курулат. Үч кабаттуу долбоордун алгачкы баасы 31 млн. сом деп бааланууда. Иштин жүрүшүндө дагы башка нерселер курулуп калса, бул сумма дагы өсүшү мүмкүн. Ал эми кеңсени курууга кеткен каражат муфтияттан, эл аралык диний уюмдардан жана демөөрчүлөрдөн топтолот. Курулуш келерки жылдын жай айларына барып бүтөөрү күтүлүүдө.

Учурда Ош облустук казыяты Ош аймактык профсоюздардын имаратында ижарада олтурат. Облустун казысы катары Самидин кары Атабаев иштейт. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG