Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Укук коргоочулар абактагы өлүмдү айыптоодо


Чүйдөгү №50 абактан качып, кайра кармалгандар атайын өлтүрүлгөн болушу мүмкүн деп бүгүн Бишкекте укук коргоочулар маалымат жыйын курушту. Токтайым Үмөталиева жана милициянын огунан өлгөн Данияр Кадыралиевдин адвокаты Жамангул Жунусов бул абалды адам укугун бузуу деп сыпаттады. Алардын божомолунда, абак кызматкерлери өч алуу максатында ушундай жолго барып жатышы ыктымал.

12-октябрда №50 абакта отурган тогуз киши ал жердеги үч кызматкерди өлтүрүп, качып кеткен. Бешөө ошол эле күнү колго түшкөн. Алардын арасынан Таалайбек Жуманов менен Бакыт Кенжегулов ооруп, кайтыш болгонун Жаза аткаруу кызматы билдирген.

Качып кеткен төртөөнүн экөө - Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев кармоо учурунда каршылык кылганы үчүн жок кылынган.

Алтынбек Итибаев жана Эдил Абдрахманов изделүүдө. (SE\SDz)

XS
SM
MD
LG