Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Башар Асад Путин менен Москвада жолукту


Асад менен Путин Кремлде жолуккан учур. 20-октябрь, 2015-жыл.
Асад менен Путин Кремлде жолуккан учур. 20-октябрь, 2015-жыл.

Кремль бүгүн билдиргендей, Сирия президенти Башар Асад орус президенти Владимир Путин менен жолугуу үчүн Москвага кечээ кечинде учуп келген.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, бул жумушчу визиттин учурунда Орусия менен Сириянын “Ислам мамлекети” тобуна каршы биргелешкен аскерий операциясы талкууланды.

Жолугушууда Орусиянын Сириядагы аба соккулары, Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн пландары тууралуу сөз болду.

Путин менен Асаддын бул сүйлөшүүлөрүнө тушташ Пентагон Москва жана Вашингтон Сириянын аба мейкиндигинде орусиялык жана АКШ баштаган коалициянын учактары ортосунда ыктымал инциденттерди минималдаштыруу боюнча макулдашууга кол койгонун жарыялаган эле.

Ага ылайык, АКШ жана Орусия күчтөрү ортосунда атайын радиожыштыктар болот.

Бирок макулдашууда кызматташтык зоналары же абадан сокку урулуучу буталар боюнча маалымат алмашуу жагы каралган эмес.(UE)

XS
SM
MD
LG