Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:01

Мэрия: Ош шаары кышка даяр


Ош шаардык мэриясынын "Азаттыкка" кабарлашынча, “Ош жылуулук” муниципалдык мекемесиндеги 60 меш толугу менен ишке даяр. Анын көмүр менен иштеген 43 меш үчүн 3100 тонна көмүр сатып алынды. Калган 17 отказан электр менен иштейт.

Шаардын вице-мэри, кышка даярдануу штабынын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулунун айтымында, ТЭЦ ишканасында 3 отказан толук ремонттолду жана 16,44 миң тонна мазут менен камсыз болду. Магистралдык жана кварталдык жылуулук түйүндөрү да бир сыйра оңдоодон өттү.

Мындан сырткары калаадагы электр тармактары, коммуналдык кызматтар жана социалдык мекемелер сууктун түшүүсүнө толук даяр.

Мэрия кабарлагандай, жеке секторлор да кышка карата дээрлик көмүр сатып алып бүтүштү. Шаардагы аймактык башкармалыктардын жетекчилери көмүр сатып ала элек айрым үй-бүлөлөрдү үймө-үй кирип эскертип чыгышат. Алар мэрия уюштурган атайын борборлордон 3 сом 40 тыйындан көмүр сатып алышса болот.

Абанын температурасы беш күн катары менен +8 градустан төмөндөсө көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү башталат. Шаарда 640 көп кабаттуу үй жана миңдеген жер үйлөр бар. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG