Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Абактан качкандардын дагы бири өлдү


Чүйдөгү №50 абактын кызматкерлерин өлтүрүп качып, кармалгандардын дагы бири - Муратбек Жумалиев мээсине кан уюп каза болгонун Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы "Азаттыкка" билдирди.

Бүгүн эртең менен абактан качкандардын бири Бакыт Кенжегулов да мээсине доо кетип каза тапкан. Бир күн мурда Таалайбек Жуманов аттуу кылмышкер жүрөгү кармап өлгөн.

12-октябрда абактан тогуз киши качып чыгып, бешөө колго түшкөн. Изин жашырган төртөөнүн экөө - Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиевге кармоо учурунда милициянын огу тийген

Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов кыргыз-казак чек арасына жакын аймактардан изделүүдө.

Ал арада айрым укук коргоочулар абактагылар атайылап өлтүрүлгөн болушу мүмкүн деп айтып чыгышты. (SE)

XS
SM
MD
LG