Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Абакта өлгөндөрдүн өлүмү өз-өзүнчө иликтенет


Чүйдөгү №50 абактан качып, кармалгандан кийин каза тапкан үч кишинин өлүмү өз-өзүнчө иликтенет. Бул тууралуу тиешелүү органдарга шилтеп өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бакыт Асанов Твиттерге жазды.

Абактын кызматкерлерин өлтүрүп качып кетип, кармалган беш кишинин үчөө акыркы эки күндө каза болду. Алардын өлүмүнө жүрөк оорусу жана мээге доо кетүү себеп болгону айтылууда. Укук коргоочулар болсо алар ур-тепкиден мүрт кеткенин белгилейт. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы маркумдар тергөө учурунда кызматкерлерге сес көрсөткөнүн айтууда.

12-октябрда абактан тогуз киши качып чыгып, бешөө колго түшкөн. Качып кеткен төртөөнүн экөө, кармалган бешөөнүн үчөө каза болду.

Эки адам - Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов изделүүдө. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG