Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

Жыл башынан бери 83 бала жанын кыйды


Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 83 өспүрүм өз жанын кыйды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Абдырахманов билдирди. Анын айтуусунда жанын кыйгандардын 49у эркек балдар, 34ү кыздар.

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык педагогдордун баяндамалары боюнча иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандагы ар бир бешинчи бала өз жанын кыюуну көздөйт деген тыянак чыгарган. Ага мектеп рекетчилиги, үйдөгү тарбия, чоңдордун балдарга жасаган мамилеси же аларга көңүл бурулбай калгандыгы, зомбулук себеп болушу ыктымал экени айтылат.

Былтыр бир жылда 106 бала өз жанын кыйган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG