Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:44

Төрт кыргыз тасмасы Казакстандагы фестивалга катышууда


Алматыда студенттер тарткан тасмаларга арналган “Бастау” эл аралык фестивалы башталды. Ага Кыргызстандан төрт фильм катышууда. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фонду кабарлады.

Кыргыздар сегиз тасма сунуштап, анын төртөө тандап алынган. Алар Кымбат Адылбекованын “Таксист”, Нурсултан Станалиевдин “Абышка жана күн”, Чолпон Бөрүбаеванын “Топурак” жана Аманек Ажыматтын “Дене тарбиячы, алтын жана дарыя” тасмалары.

“Элдердин этномаданияты – байланыш мезгили” урааны менен өтчү фестиваль ушуну менен бешинчи ирет уюштурулууда. 21-октябрда башталган иш-чара 25-октябрга чейин уланат. Ага Евразия, Америка чөлкөмдөрүнөн фильмдер сунушталган. (SE)

XS
SM
MD
LG