Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Ошто мушташ үчүн чет элдик 20 студент кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Ош мамлекеттик университетинде окуган чет элдик студенттердин арасындагы чыр-чатакка байланыштуу кармалган Индиядан келген 20 студент түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин коё берилди. Студенттер чыр-чатак өз ара келишпестиктен улам чыкканын айтышты.

Бүгүн түштөн кийин Ош шаарынын Курманжан датка кичирайонунда жайгашкан ОшМУнун эл аралык медициналык факультетинде билим алган 100гө чукул студенттин ортосунда массалык мушташ чыккан. Мушташ жогорку курстун студенттери менен биринчи курска келген студенттердин ортосунда болгону маалымдалууда. Чырга аралашкан студенттер негизинен индиялыктар, арасында пакистандыктар да бар.

Окуяны окуу жайдын жетекчилиги да тастыктады.

ОшМУда Индия, Пакистан, Непал жана башка өлкөлөрдөн келген бир нече миң студент билим алат. Ал эми эл аралык медициналык факультетте 600гө жакын студент бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG