Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

Украина Дүйнөлүк соода уюмга Орусия алардын өндүрүшүнөн чыккан темир жол жабдууларына чектөө киргизгенине байланыштуу даттануу жолдоду.

ДСУ бүгүн өз билдирүүсүндө белгилегендей, Украина Орусиянын чектөөсү 2013-жылдын соңунан бери өкүм сүрүп жатат деп ырастоодо.

Расмий Киевдин көз карашында, Орусия өз чектөөсү менен Дүйнөлүк соода уюмунун бир нече эрежесин бузду жана бул иш жүзүндө импортко тыюу салуу менен барабар.

Киев менен Москва ортосундагы соода талаш Крымдын былтыркы аннексиясынан жана Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдерди тикелей колдоосунан улам ансыз деле чыңалып турган учурга туш келди.(UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG