Линктер

шейшемби, 25-апрель, 2017 Бишкек убактысы 05:04

Кытай Британияга АЭС курууга жардамдашат


Иш сапар менен келген Кытай президенти Си Цзинпинди Британия зор урмат-сый менен тосууда. Лондон, 20-октябрь, 2015-жыл.

Кытайлык компаниялардын Британиядагы “Хинкли-Пойнт” атомдук электр станциясынын курулушуна инвестиция салуусун караган келишимге бүгүн президент Си Цзинпиндин иш сапарынын экинчи күнүндө кол коюлду.

Келишимге ылайык, кытайлык инвестициянын көлөмү алты миллиард фунт же тогуз миллиард долларды түзөт.

“Хинкли-Пойнт” атомдук электр станциясы Британиянын атомдук энергия боюнча акыркы жылдардагы алгачкы долбоору.

Кытай чет өлкөдө атомдук электр странция курулушуна алгачкы ирет акча салууда. Британ долбоорунун жалпы наркы 18 миллиард фунт же 27 миллиард долларга барабар. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG