Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Мунай өндүрүүчүлөр Венада орток пикирге келе алышпады


21-октябрда Венада ОПЕК мүчөлөрү жана ага кирбеген мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн өкүлдөрү чогулуп, мунай казууну кыскартуу менен бааны көтөрүүнү талкуулашты. Бирок жыйын катышуучулары бир пикирге келе алышкан жок.

Венадагы жыйынга ОПЕКке мүчө өлкөлөрдөн сырткары Орусия, Казакстан, Мексика, Колумбия, Венесуэла жана Бразилия чакырылып, биргелешип иштөө сунушталды.

Орусия буга чейин ОПЕК менен кызматташуудан баш тартып келаткан. Бул ирет жыйынга катышкан Москва мунайга бааны көтөрүү боюнча мунаса табылат деп үмүттөнүүдө.

Венесуэланын министри бир баррель мунайдын баасын 88 долларда кармоо боюнча сунушун берди. Ноябрь айында ОПЕК мүчөлөрү жана ага кирбеген мамлекеттер чогулуп, маселени дагы талкуулашат. (AiT)

XS
SM
MD
LG