Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

АКШ Ирандын ракеталык сыноосу боюнча БУУга кайрылды


Кошмо Штаттар, Британия, Франция жана Германия атынан Бириккен Улуттар Уюмунун санкция боюнча комитетине жолдонгон кайрылууда Ирандын ракеталык сыноосун иликтеп, тийиштүү чара көрүү талап кылынды.

21-октябрдагы кайрылууда Иран сынаган ракета “ядролук куралды жеткирүүгө жөндөмдүү” жана бул Коопсуздук Кеңештин чечимин бузуу катары сыпатталган.

Кайрылуу Иранга карата санкция киргизүүгө биринчи кадам катары каралууда. Бирок санкция киргизүүгө Орусия жана Кытайдын макулдугу керек. Бул мамлекеттер Ирандын ракеталык сыноолоруна анчалык катаал карашпайт.

Иран өз кезегинде ядролук куралды жеткирүүгө жөндөмдү ракета сыналды дегенди четке кагууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG