Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Ошто шылуундукка шектелген жаран тапанча менен кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынан кабарлашты. Ушул жылдын февраль айынан бери Кара-Суунун тургунунун «Мерседес Бенц G-class» үлгүсүндөгү унаасын алдоо жолу менен алып, качып жүргөн 21 жаштагы жаран Ош шаарынын “Черемушка” кичирайонунан кармалды. Кармоо учурунда анын жанынан документи жок 10-калибрдеги травматикалык тапанча табылды.

Колго түшкөн жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иш боюнча тергөө иштери улантылууда. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG