Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

“112” номуруна жалган чалуулар азайган жок


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Республиканын аймагында 112 - бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына бир сутканын ичинде 4896 телефон чалуу болсо, анын ичинен 884 чалуу максатсыз болгон.

Анын ичинен Бишкек шаарынан 1882 чалуунун 348и максатсыз болуп, 28 чалуу тастыкталган. Ош шаарынан 3014 чалуу болсо, анын ичинен 586 чалуу жалган, 50 чалуу тастыкталган.

Адистердин айтымында, көпчүлүк учурларда жалган чалуулар балдардын тентектик кылып, ойноп чалганы менен байланыштуу. Аталган кызмат ар бир чалуу боюнча тийиштүү тараптарга маалымат жөнөтүлөрүн эске алып, жарандарды жоопкерчиликтүү болууга чакырууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG