Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Кыргызстан бюджет тартыштыгын толуктоо үчүн Орусиядан каражат алат


Кыргызстан бюджеттеги тартыштыкты толтуруу максатында Орусиядан 30 миллион доллар грант алганы турат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында финансы министринин орунбасары Алмаз Бакетаев билдирди. Андан сырткары жыл аягына чейин Европа биримдиги 397 миллион сом жеңилдетилген насыя берет. Бирок бул өлкөнүн сырткы карызына таасир этпей турганын кошумчалады Бакетаев.

Кыргызстандын жалпы карызы ички-сырткы береселерди кошкондо 3 миллиард 600 миллион доллардан ашат.

Өлкө бюджетиндеги тартыштык 14 миллиард 683 миллион сом болору айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG