Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Бишкек жана Ош шаарларында достук фестивалы өтөт


“Достукка кадам. Өзгөчө кеч” деп аталган жаштар фестивалы Бишкек жана Ош шаарларында 24-октябрда күнү өтөт. Анда чыгармачыл топтордун концерти, фотосүрөттөр жана видеороликтер көргөзмөсү, интерактивдүү оюндар өтөт. Кечеде бий, граффити, кол өнөрчүлүк боюнча окутуулар уюштурулат.

Фестиваль Бишкекте Асанбай кичирайонундагы сейил бакта, Ош шаарында Султан Ибраимов атындагы улуттук драмалык театрда болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулар кабарлады.

Иш-чара «Этникалык теңдикти жана жарандык катышууну илгерилетүү (PEACE)» долбоорунун алкагында өтөт. Аны «Жаштарды өнүктүрүү институту» жана «Youth of Osh» коомдук бирикмелери менен өнөктөштүктө DVV International уюму уюштурууда. Долбоор Европа Шериктештиги тарабынан каржыланды. (ErN)

XS
SM
MD
LG