Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Абактан качкан Эдил Абдырахманов кармалды


Чүйдөгү №50 абактын кызматкерлерин өлтүрүп, качып кеткендердин бири Эдил Абдырахманов колго түштү. Ал бүгүн Бишкектин четиндеги Ала-Тоо айылында колго түшкөнүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.

Эдил Абдырахманов 29 жашта. Чүйдүн Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылынын тургуну. Кылмыш-жаза кодексинин Адам өлтүрүү, уюшкан кылмыштуулук, террорчулук беренелери менен өмүрүнүн аягына чейин соттолгон. Кыргызстанда тыюу салынган “Жайшүл Махди” экстремисттик уюмунун мүчөсү.

12-октябрда №50 абактын үч кызматкерин өлтүрүп, бирин чалажан абалда калтырып тогуз кылмышкер качып кеткен. Бешөө ошол эле күнү кармалып, төртөө изин жашырган. Издөө иштеринин жүрүшүндө алардын экөө милициянын огуна учкан. Алтынбек Итибаев жана Эдил Абдырахманов изделип жаткан.

Колго түшкөн беш кишинин арасынан үчөө абакта каза болду. Алардын өлүмүнө жүрөк ооруу менен мээге кан уюганы себеп болгону айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG