Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

Алайда журналисттерге кол көтөргөн киши административдик жазага тартылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 4-октябрда Алай районунун борбору Гүлчө айылындагы добуш берүүнү тартып аткан «Ош пирим» телеканалынын журналисттик тобуна кол көтөргөн жаран Бахтияр Аданов 300 сом айыпка жыгылды.

Иш боюнча журналисттердин арызын караган Алай райондук ички иштер башкармалыгы журналисттер тергөөгө барбай коюшканын, жабыр тарткандар соттук медициналык экспертизадан өтпөй коюшканын айтууда. 10 күндүн ичинде зомбулуктун белгиси аныкталбагандыктан кылмыш иши козголгон эмес.

Журналисттер болсо аларга кол көтөргөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылбай, кайсы партиянын өкүлү экендиги айтылбай жатканына нааразы.

Парламенттик шайлоо учурунда Алайдагы №5144 шайлоо участогуна кирип бараткан оператор Нуржигит Чолпонбаевди белгисиз адамдар желкеден кармап сыртка сүйрөп чыгып, жаакка чабышкан. Алар журналист Абай Большевиковго да кол көтөрүп, камерасын тартып алган. Ызы-чуу салгандар бир топтон кийин гана журналисттерге техникасын кайтарып беришкен. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG