Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

БУУ качкындар боюнча Оштогу өкүлчүлүгүн жабат


Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын регионалдык өкүлү Бернард Дойлдун жолугушуусунда айтылды. Мунун себебин Дойл Ошто бул кеңсенин иштөөсүнүн зарылчылыгы жок болуп калганы менен түшүндүрдү. Анын айтымында, БУУнун качкындар боюнча Оштогу кеңсеси 2015-жылдын аягында толук көчүп чыгып кетет.

БУУнун өкүлү ошондой эле качкындар боюнча БУУнун Бишкектеги кеңсеси мурдагыдай тартипте эле иштей берtрин кошумчалады.

БУУнун качкындар боюнча Оштогу өкүлчүлүгү 2006-жылы ачылган. Андан бери алар жүздөгөн качкындар менен иш алып барган. Өзгөчө 2010-жылы июнь коогасынын тушунда аталган кеңсе аймактагы жабыр тарткандарга жана ыдык көргөндөргө көмөк көрсөткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG