Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

АКШ мамкатчысы менен Израил премьери жолугушту


АКШ мамкатчысы Жон Керри менен Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху. Берлин, 22-октябрь, 2015.
АКШ мамкатчысы Жон Керри менен Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху. Берлин, 22-октябрь, 2015.

Берлиндеги бүгүнкү жолугушууда АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху Жакынкы Чыгышта аз күн мурда чыкан зордук-зомбулуктун себебин козутуудан көрөрүн айтышып, мындай шыкактоону тез арада токтотууга чакырды. Керри зомбулук менен шыкактоого чекит коюга үндөсө, Нетаньяху бул чатактын тутанышына палестин лидери Махмуд Аббасты айыптады. Израил премьери чагымчыл топтордун шыкагы менен Аббастын ал-Акса мечитинин макамы тууралуу жалган сөзү палестиндиктердин израилдиктерге каршы толкунуна алып келгенин айтты.

Иерусалимдеги ал-Акса мечити мусулмандар үчүн да, иудейлер үчүн да ыйык жер деп эсептелет. Бирок мечит кайсы тарапка тиешелүү экени так эмес. Палестина менен Израилдин ортосундагы соңку чатак эки апта мурда дал ушул мечитке байланыштуу чыккан. Анын талаштуу макамынан улам палестин тарап мечит Израилге өтүп кетет деп кооптонот.

Соңку эки жумада бычак менен кол салуулардан израилдик он тургун өтүрүлгөн. Мындан сырткары 47 палестиндик же Израилдин араб улутундагы жарандары мерт болгон.

XS
SM
MD
LG