Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Кыргыз бильярдчылары дүйнө чемпиондугуна катышууда


Мелдештин ачылыш аземи. 22-октябрь, 2015-ж. Иматра. Финляндия.

Мелдештин ачылыш аземи. 22-октябрь, 2015-ж. Иматра. Финляндия.

Бүгүн Финляндиянын Иматра шаарында эркектер арасында бильярддын “динамикалык пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпиондугу башталды. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, ага 14 мамлекеттен 61 оюнчу катышууда. Кыргызстандан Каныбек Сагынбаев жана Дастан Лепшаков барышкан.

Оюндар олимпиадалык система менен өтүүдө. Алгачкы беттешинде Каныбек Сагынбаев финляндиялык Кристиан Песол менен ойноп 7:2 эсебинде утуп алды. 23-октябрда боло турган 1/16 финалдык беттеште Сагынбаев грузиялык Нугзар Тебидзе менен таймашат. Дастан Лепшаков алгачкы беттешин орусиялык Николай Володин менен өткөрүп азырынча 3:0 эсебинде алдыда. Оюн 7 жеңишке чейин уланат. Дүйнө чемпиондугунун оюндары 25-октябрда аяктайт.

Каныбек Сагынбаев бильярддын “динамикалык пирамида” түрү боюнча дүйнөнүн бир жолку, “кураштырма пирамида” (комбинированная пирамида) түрү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Дастан Лепшаков жаштар арасында “кураштырма пирамида” боюнча дүйнө чемпиону. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG