Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40

Швецияда кылыччан бир киши мектепке кол салды


Швеция -- Полиция окуя болгон жерди курчоого алды. Трольхэтэн, 22-октябрь, 2015.

Швеция -- Полиция окуя болгон жерди курчоого алды. Трольхэтэн, 22-октябрь, 2015.

Швециянын Трольхэтэн шаарындагы орто мектепке кирип келген колунда кылычы бар 20 жаштагы жигит бир адамды өлтүрүп, кеминде дагы эки кишиге жаракат келтирди. Окуя бүгүн эртең менен өлкөдөгү экинчи чоң шаар эсептелген батыштагы Гетеборгго жакын жерде болгон. Окуянын себептери жана ага алып келген жагдайлар азырынча айтыла элек.

Трольхэтэн шаарынын дарыгерлери кол салуудан бир мугалим өлүп, 11-15 жаштардагы эки окуучу оор жаракат алганын кабарлашты. Кол салган киши да оор абалда.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, окуя болгон мектеп башка өлкөлөрдөн келгендер байырдагшан аймакта жайгашкан. Анда 400 чакты окуучу билим алат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG