Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:12

Жогорку Сот “Республика Ата-Журттун” үч талапкеринин талабын канааттандырды


“Республика Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Аида Исмаилова, Алиярбек Абжалиев жана Закир Шарапов Жогорку Сотко кайрылып, Борбордук шайлоо комиссиясынын аларды тизмеден чыгарган чечимин жокко чыгарууну талап кылган.

Жогорку Сот 22-октябрда талапкерлердин арызын канааттандырып, аларды тизмеден чыгарып, депутаттык мандат алуу укугунан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Биринчи Май райондук соттун чечимин жокко чыгарды.

Бул маалыматты БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров 22-октябрда тастыктады. 23-октябрда Жогорку Сотто дагы бир нече талапкердин мына ушундай эле арызы каралат. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG