Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Итибаев менен атышууда эки адам өлдү


Алдын ала маалыматка караганда Достук кичи районунда милиция менен 12-октябрда абактан качкан Алтынбек Итибаевдин атышуусунда эки адамдын өмүрү кыйылган.

ИИМдин өкүлү “Азаттыктын” кабарчысына каза болгондордун бири милициянын ыкчам атайын отрядынын кызматкери (СОБР), экинчиси жайкын тургун экенин билдирген.

Бүгүн кечке жуук Достук кичи районундагы №8 үйгө бекинип алган Алтынбек Итибаев милицияга автоматтан ок чыгарган. Үй курчоого алынып, ички иштер министри окуя болгон жерге барган.

12-октябрда Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 жаза өтөө мекемесинен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жети жана тергөөдөгү эки адам качып чыккан. Алардын бешөө кармалып, үчөө абакта каза болду.

Качып кеткен төрт адамдын экөө буга чейин атайын операциянын жүрүшүндө жок кылынган. Дагы бири Эдил Абдрахманов бүгүн жарадар болуп колго түшкөн.

XS
SM
MD
LG